Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Афганистандын жашоочуларынын жарымынан көбү гуманитардык жардамга муктаж. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси Роза Отунбаева билдиргенин Интерфакс кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, Роза Отунбаева Афганистан учурда олуттуу гуманитардык кризисти башынан өткөрүп, ондогон жылдар бою уланып келе жаткан согуштун, терең тамыр жайган жакырчылыктын, климаттык соккулардын, калкка, өзгөчө аялдар менен кыздарга коркунучтардын өсүшүнө туш болгонун айткан. Афгандыктардын жарымынан көбү – 23 миллиондой адам гуманитардык жардамга муктаж экендигин кошумчалаган.
"Гуманитардык жардамды каржылоонун кыскарышы азыртадан эле афган элине олуттуу таасирин тийгизип жатат. Акыркы айда 200дөн ашык саламаттыкты сактоо мекемелери жабылып, болжол менен 1,8 миллион адам жапа чекти. Балдардын жетишсиз тамактануусун дарылоо үчүн керектүү кызматтар чектелүү, өнөктөш уюмдар алардын катышуусун жана координациясын олуттуу түрдө кыскартты", - деген ал.
Ошондой эле Роза Отунбаева дүйнөлүк чакырыктарга жана афгандардын өздөрүнүн көптөгөн кайрылууларына карабастан афган аялдарына коюлган олуттуу чектөөлөр жеңилдетилбегенин билдирген. Мындай демилгелердин арасында ал жакында исламдагы аялдардын укуктары боюнча Жидда декларациясын жайылтуу үчүн Кабулга делегациясын жиберген Ислам кызматташтык уюмунун аракеттерин жана мусулман коомдорундагы кыздардын билим алуусу боюнча Исламабаддагы январда өткөн саммитти баса белгиледи.
“Ушул жана башка иш-чаралар талибдердин чектөөлөрү, анын ичинде кыздардын билим алуусуна тыюу салуу “исламда эч кандай негиз жок экенин” ачык көрсөтүп турат”, - деди Отунбаева.