БУУ Афганистандагы муктаж үй-бүлөлөрдү 2,5 миң тонна азык-түлүк менен камсыздайт

Дүйнө Загрузка... 20 Август 2025 12:12
WhatsApp Image 2025-08-20 at 10.58.10.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.08.25 /Кабар/. Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) Афганистандагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө жакынкы үч айдын ичинде 2,5 миң тонна азык-түлүк берет. Бул тууралуу уюм өзүнүн сайтына жарыялаганын Интерфакс жазды.

Маалыматта белгиленгендей, ДАТП ошондой эле аталган жарандарга базардан азык-түлүк сатып алуу үчүн акча берип, ачарчылыктан катуу жабыркаган балдарды дарылоо үчүн атайын тамак-аш таратат.

Уюмдун маалыматы боюнча учурда Афганистанда 3,5 миллион бала ачарчылыктан жабыркайт. Бул былтыркыга салыштырмалуу 500 миңге көп.

“Бул жардам Евробиримдик берген 13 миллион евронун эсебинен ишке ашат”,-деп белгиленет маалыматта.