Бутан “Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитине катышуу ниетин билдирди

Экология 22 Апрель 2026 11:40
674691713_1534118228722806_6822228611273599261_n (1).jpg
678365604_1534031288731500_2558872909560111698_n.jpg
676013333_1534031462064816_4051334477775169917_n.jpg
678196818_1534031375398158_4558268439098498054_n.jpg
677838981_1534031365398159_1301774755538624882_n.jpg
675131008_1534031292064833_1983324421945045512_n.jpg
678290004_1534031282064834_9221607033752110400_n.jpg
Алдыга
Артка
674691713_1534118228722806_6822228611273599261_n (1).jpg
678365604_1534031288731500_2558872909560111698_n.jpg
676013333_1534031462064816_4051334477775169917_n.jpg
678196818_1534031375398158_4558268439098498054_n.jpg
677838981_1534031365398159_1301774755538624882_n.jpg
675131008_1534031292064833_1983324421945045512_n.jpg
678290004_1534031282064834_9221607033752110400_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. 20-22-апрелде Бутан Падышалыгында тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууну чыңдоого багытталган “Тоолор бириктирет” (Mountains Connect) аттуу экинчи аймактар аралык жумушчу сессия өтүүдө. 

Иш-чарага Альп, Анд, Борбор Азия, Кавказ, Карпат, Чыгыш Африка жана Гиндукуш–Гималай өңдүү чөлкөмдөрдү камтыган 25тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Талкуунун борборунда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, башкаруу механизмдерин өркүндөтүү, ресурстарды мобилизациялоо, ошондой эле илим менен саясаттын өз ара байланышын чыңдоо маселелери турат. 

Сессиянын ишине Кыргызстандын президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышууда. 

21-апрелде Динара Кемелова Бутан Падышалыгынын премьер-министри Церинг Тобгай менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысынын атайын өкүлү Бутандын премьер-министри Церинг Тобгайга президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун тапшырды. Анда эки жактуу жана көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлык ырасталып, ошондой эле “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакыруу камтылган. 

Бутандын премьер-министри Кыргызстандын президентинин глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүүдөгү олуттуу салымын белгилеп, бул багыттагы иштер үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар тоолуу экосистемаларды коргоо жана тоолуу аймактардагы калкты колдоо боюнча жалпы умтулууларын тастыкташты. 

Ошондой эле Бутандын тышкы иштер министри Лёнпо Д. Н. Дхунгьел менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. БУУнун, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын жана башка эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташуунун конструктивдүү өнүгүүсү, ошондой эле эки өлкөнүн мамилелериндеги ыкмалардын жакындыгы жана артыкчылыктардын шайкештиги белгиленди. 

Бутандын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Гем Церинг менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө гидроэнергетика, тоо экосистемаларын сактоо, анын ичинде ак илбирсти коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын келечеги, ошондой эле тоо калкынын климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине карата аярлуулугун төмөндөтүү чаралары талкууланды. 

Бутан тарап “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга жана глобалдык тоо күн тартибин эл аралык аренада мындан ары биргелешип илгерилетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.