Бишкек 17.06.25 /Кабар/. Бурятияда бир сутка ичинде 5 888 гектар аянтты каптаган токой өртү өчүрүлдү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Баунтово эвенкий, Кижингин, Прибайкал райондорунда жана Улан-Удэ шаарындагы өрттүн очоктору өчүрүлгөн. Ошондой эле Баргузин, Баунтово эвенкий жана Еравнин райондорундагы 36 550 гектар аянтты түзгөн 25 токой өртү дагы деле күчүндө.
Улан-Удэ шаарындагы өрттүн чыгуу себептери – отко жоопкерчиликсиз мамиле кылуудан, ал эми калгандары күн күркүрөп, чагылгандын түшүшү сыяктуу табигый кырсыктардан деп божомолдонот.
Азырынча бул өрттөрдүн калктуу конуштарга коркунучу жок. Өрттү өчүрүүгө жалпы 533 адам жана 66 техника тартылганы айтылат.