Бурятиядагы токой өртү 116,5 миң гектарга жетти

Дүйнө Загрузка... 02 Июнь 2025 09:05
image.png
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 02.06.25 /Кабар/. Бурятияда токой өртүнүн аянты көбөйүп, 116 555 гектарга жетти. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Токой чарба агенттиги өзүнүн Telegram-каналында билдиргенин Известия басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, 2-июндун таңында Баргузин, Баунт эвенк, Еравна, Кижингин жана Селенга райондорунда жалпы 16 токой өртү катталган.

Өрт өчүрүүчүлөр жалпы аянты 6,3 миң гектар болгон эки өрттү толук өчүрүштү. Учурда өрттү өчүрүү иштерине 480 киши жана 81 атайын техника тартылган.

Буга чейин, 27-майда, токой өрттөрүнүн аянты 115 950 гектарга жеткени кабарланган. Өрттөрдүн себеби катары кургак чагылган, торфтун күйүшү, өрттүн Забайкальеден өтүп келиши жана адамдардын отко этиятсыз мамилеси белгиленген.