Бишкек 25.06.25 /Кабар/. Күндүн ысышынан жана кургакчылыктан улам Бурятияда токой өртү күч алууда. Бул тууралуу аталган республиканын Токой чарбасы агенттиги билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде Баргузин, Баунтов эвенкий, Жидин, Еравнин, Прибайкал жана Түндүк-Байкал райондорунда 8 өрт кырсыгы катталган. Ошондой эле жогоруда аталган жерлерде жана Иволгин, Кижингин, Селенгин жана Тункинск райондорунда 45 токой өртү күчүндө экендиги белгиленет. Алардын жалпы аянты - 62 264 гектарды түзөт.
Учурда токой өртүн өчүрүүгө 700 адам жана 80 техника тартылып, калктуу пунктарга коркунуч жок экендиги айтылат.