Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. "Булак" тиркемесинин артыкчылыгы ЖРТга катышуучулардын бардыгына жеткиликтүүлүгү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Директордун айтымында, жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын саны жыл сайын алмашып тургандыктан, ага даярдоо маселеси дагы ар дайым актуалдуу болуп келген. Буга байланыштуу Агартуу министрлиги тарабынан "Булак" тиркемеси иштелип чыкты.
"Шаарларда жана район борборлорунда балдар ар кандай даярдоо курстарына катыша алышат. Ал эми айыл жерлеринде мындай мүмкүнчүлүк жок. Андыктан, бул тиркеме бардык аймактарда жашаган окуучулар үчүн жеткиликтүү жана акысыз болуп жатат. Алар тиркемени телефондоруна жүктөп алып колдоно беришет.
База катары ага ЖРТнын мурдагы жылдардагы суроолору жайгаштырылды. Тест тапшыруучулардын баары негизги тестти милдеттүү түрдө тапшыргандыктан, ага камтылган предметтерден алынган суроолор көбүрөк кошулду.
Андан сырткары, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында дагы акысыз сынамык тесттери, ошондой эле видеосабактар бар. Аларды дагы колдоно алышат", — деп белгиледи Батракеева.
Белгилей кетсек, бүгүн Агартуу министрлиги ЖРТга даярдануучулар үчүн түзүлгөн "Булак" тиркемесин сунуштады. Тиркеме акысыз, орус жана кыргыз тилдеринде App Store жана Android версияларында жеткиликтүү.
Эскерте кетсек, учурда ЖРТга каттоо жүрүүдө. Ал 17-февралда башталып, 2-апрелге чейин уланат. Тестирлөөнүн өзү 16–23-май күндөрү өтөт.