"Булак" тиркемесине 12,5 миң суроо жайгаштырылды – иштеп чыгуучу

Билим Загрузка... 19 Март 2026 12:55
WhatsApp Image 2026-03-19 at 12.36.27.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.26 /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуучуларга арналган "Булак" тиркемесине 12 миң 500 суроо жайгаштырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Булак” тиркемесинин иштеп чыгуучусу Эмил Билгазиев билдирди.

Анын айтымында, тиркеменин тапшырмаларын Агартуу министрлиги менен Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору түзүп чыгып, андан сырткары жасалма интеллекттин жардамы дагы колдонулган.

“Тиркеме жасоого суроо талап абдан көп кылынгандыктан, биз ага жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн суроолорду коштук. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору бизге 3600 суроо берген. Ага дагы 8 миң суроо жасалма интеллект аркылуу кошулду. Ошентип, тиркемеге жалпысынан 12 миң 500гө жакын тапшырма жайгаштырылды. Бирок, анын ар бири Билимдин сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан анализден өттү. Бул жаңы жасалып жаткан тиркеме болгондуктан, каталар да кетип калышы мүмкүн. Кайтарым байланышты да жайгаштырганбыз. Ага билдирүүлөрдү жөнөтсөңүздөр болот”,-деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Агартуу министрлиги ЖРТга даярдануучулар үчүн түзүлгөн “Булак” тиркемесин сунуштады. Тиркеме акысыз, орус жана кыргыз тилдеринде App Store жана Android версияларында жеткиликтүү.

Эскерте кетсек, учурда ЖРТга каттоо жүрүүдө. Ал 17-февралда башталып, 2-апрелге чейин уланат. Тестирлөөнүн өзү 16-23-май күндөрү өтөт.