Рысбай Абдыкадыровдун кызы: Бул сыйлык - биздин үй-бүлө үчүн чоң сыймык

Пикир 14 сентябрь 2026 15:55
Рысбай Абдыкадыровдун кызы: Бул сыйлык - биздин үй-бүлө үчүн чоң сыймык
copyright icon KABAR Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыровдун кызы Сюита Абдыкадырова атасына ыйгарылган сыйлыкты алуу учурундагы сезимдерин айтып, бул алардын үй-бүлөсү үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

Ал атасына ыйгарылган сыйлыкты алып жатып, кубаныч менен кошо өкүнүч да болгонун айтты.

"Толкундануумду сөз менен айтып жеткире албайм. Ыйлап дагы, кубанып дагы жаттым. Анткени арман дүйнө экен. Атам өзү тирүү болсо, ушинтип чыгып, сыйлыгын өз колу менен алса болмок. Бирок бул эми тагдырдын буйругу экен.
Ага карабай, ушул тапта кыргыз элиме, президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылыгымды билдиргим келип турат. Бул — биздин үй-бүлө үчүн чоң бакыт, чоң сыймык. Чоң рахмат!" - деди Сюита Абдыкадырова.