Бухаресттин мэри президенттик шайлоодо жеңишке жетти

Дүйнө Загрузка... 19 Май 2025 12:05
WhatsApp Image 2025-05-19 at 09.01.47.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Бухаресттин мэри Румыниянын президентин шайлоодо жеңишке жетти.

РИА Новости маалымдагандай, Румыниянын БШКсы добуштарды толугу менен эсептеп чыкты. Ага ылайык, Никушор Дан экинчи турда утушка ээ болду. Саясатчыны шайлоочулардын 53,60%ы колдоду. Дандын атаандашы Жеорже Симион – 46,40% добуш алды.

Румынияда жекшемби күнү президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Биринчи тур 4-майда болгон. Анда Симион менен Дан 41% жана 21% добуш алышкан.

Дан учурда 56 жашта. Ал 2020-жылы Бухаресттин мэри болуп шайланган. 2016-жылы Дан Румыниянын Палатасына депутат да болуп келген.