Бишкек, 01.03.26 /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча «Muhamet Malo – 2026» эл аралык рейтингдик турнири соңуна чыгат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү таймаштарда Кыргызстандын 8 балбаны грем-рим күрөшү боюнча килемге чыгат:
- 55 кг: Улан Муратбек уулу;
- 60 кг: Курманбек Жапаров;
- 72 кг: Амантур Исмаилов жана Раззак Бейшекеев;
- 82 кг: Акжол Махмудов жана Ырыскелди Максатбек уулу;
- 97 кг: Үзүр Жусупбеков жана Мелис Айтбеков.
Мелдештер 55, 60, 72, 82, 97 жана 130 кг салмак категорияларында өтөт. Алгачкы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.