Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин тармактык комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын оптималдаштырууга багытталган мыйзам долбоорлорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоорун төрага Марлен Маматалиев баштаган бир топ депутаттар демилгелеген.
Мыйзам долбоору менен БШК мүчөлөрүнүн санын 12ден 8ге чейин кыскартуу сунушталууда.
Мындай өзгөртүүлөр шайлоо жана референдумдарды өткөрүүдө комиссиянын ишин ыкчамдатуу, түзүү тартибин өркүндөтүү жана натыйжалуулукту жогорулатуу максатын көздөйт.
Депутат Гүлнара Акимбаева маанилүү чечимдерди кабыл алууда "добуштардын теңдиги" кырдаалынан качуу үчүн мүчөлөрдүн санын так аныктоо зарылдыгын белгиледи.
Ал эми Дастан Бекешев БШК мүчөлөрүнө карата коюлган критерийлерди жана талаптарды мыйзамда дагы да так жазууну сунуштады.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров сунушталган түзүм шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүк берерин ырастады.