БШК төрагасы: Айдарбеков боюнча маселеде эч кандай саясий кызыкчылык жок

Коом Загрузка... 16 Апрель 2026 17:10
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Айдарбеков талапкерлигин өз каалоосу менен тыпшырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, талапкерлерди каттоодо алгач алар тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардан керектүү маалыматтар алынат. Чыңгыз Айдарбековдун кезегинде дагы ушундай иштер аткарылган.

“Биз иштерди Конституциянын талабына ылайык алып барабыз. Талапкерлерди каттап жатканда тиешелүү мамлекеттик органдардан алар тууралуу керектүү маалыматтарды алабыз. Мисалы, билими боюнча Агартуу министрлигинен, диний ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн болсо Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынан, сыртта көп жүргөн болсо Чек ара кызматынан, кылмыш иштери, соттолгондугу боюнча Ички иштер министрлигинен маалымат алабыз. Алгач Айдарбеков тууралуу ИИМден таза деген жооп келген.
Кийин депутат Кубанычбек Конгантиев кеткенден кийин мандат берердин астында дагы бир жолу кат жолдодук. Себеби, шайлоо ноябрда болду. Ортодо апрелге чейин убакыт өттү. Социалдык тармактарда да маалыматтар чыккандыгы үчүн мен Тышкы иштер министрлигине кат жолдодум. Ал жактан мыйзам бузгандыгы үчүн жумуштан кеткен деген жооп келди. Анын артынан ИИМге кат жолдодук. ИИМдин жообу созулуп кетти. Маалым болгондой, ЖМКларга дагы иш козголду, айыбы угузулду деген маалыматтар чыгып жатты. Биз болсо жоопту күтүп жаттык. Бул жерде жеке кызыкчылык же бир саясий маселе жок.
Бүгүн өзү келип арызын жазып кетти. Арыз жазганы келгендерден өзүңдүн каалооң менен жазып жатасыңбы деп сурайбыз”,-деди Шайназаров.