Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын алгачкы жыйыны өтүүдө.
Регламент боюнча курамга келген эң жашы улуу депутат Машрапова Гүлай жыйынды ачты.
Андан кийин гимн жаңырып, БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жарыялады.
Тынчтык Шайназаров депутаттарга төш белгисин берип, мандатын тапшыруудан соң, эл өкүлдөрү ант берүүгө өттү.