БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр - Шайназаров

Жогорку Кеңеш Загрузка... 02 Сентябрь 2025 13:00
2117337.ff9148e2eb6.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчиси Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Эл өкүлү Гуля Кожокулова Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинен "Эмне үчүн бул маселе көтөрүлүп жатат? Конституция жана конституциялык мөөнөт бар го. Ал мөөнөт 2026-жылдын декабрында гана аяктайт. Ошондуктан мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес", – деди.

Тынчтыкбек Шайназаров мындай чечимди кабыл алууга Жогорку Кеңештин гана укугу бар экенин билдирди.

"Даярдык боюнча айтсак, конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, бардык жоболордун 90%ы аткарылды. Биз ыкчам иштеп жатабыз. Эң негизгиси келе жаткан парламенттик шайлоо жаңы система менен өтөт. Булар көп мандаттуу округдар, ар бир округдан үчтөн депутат бар, бул жаңы программанын киргизилишин билдирет. Бул жаатта түштүк кореялык кесиптештерибиз менен биргеликте иш алып баруудабыз. Бүгүнкү күндө 40ка жакын адис иштеп жатат, биз саясий чечимди кабыл алууга дайым даяр болушубуз керек", - деди ал.