Брюссель бир күнгө автоунаалардан баш тартты

Дүйнө Загрузка... 22 Сентябрь 2025 15:30
WhatsApp_Image_2025_kxNRJS0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Өткөн жекшембиде Европанын борборунда жыл сайын өтүүчү “Автоунаасыз жекшемби” иш-чарасы өткөнүн “Казинформ” билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар тургундарына жана конокторуна автоунааларды колдонууга тыюу салынган. Ушундан улам көптөгөн велосипед айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр бул жекшембини жылдагы эң жакшы күн деп баалашты. Себеби, Бельгиянын борбору бул күнү Европадагы эң ири унаасыз аймактардын бирине айланды.

Эртең мененки саат 9:30дан кечки 19:00гө чейин борбор калаага автоунааларды киргизүүгө тыюу салынды. Бирок, полиция коомдук транспортко, таксилерге жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарына гана кирүүгө уруксат берген.