Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Улуу Британияда 16 жаштан 24 жашка чейинки 1 миллиондон ашуун жаш жумушсуз, билим албайт жана кесиптик даярдыктан өтпөйт. Бул тууралуу The Guardian басылмасына шилтеме берүү менен АЗЕРТАЖ жазды.
Маалыматка ылайык, кийинки беш жылда бул көрсөткүч 1,25 миллионго чейин көбөйүшү мүмкүн. Жумушсуз жана окубаган жаштардын айынан өлкө жылына болжол менен 125 млрд фунт стерлинг жоготууда.
Маселени чечүү үчүн британ өкмөтү жаштарга жасалма интеллект жана кесиптик көндүмдөрдү үйрөтүү боюнча үч жумалык пилоттук программаны ишке киргизди. Алгач программа Англиянын түндүк-батышында сыноодон өткөрүлүүдө.
Өкмөт пилоттук долбоордун жыйынтыгына таянып, жасалма интеллект боюнча көндүмдөрдү камтыган жалпы улуттук окуу программасын түзүүнү пландоодо.
Ошол эле учурда эксперттер жасалма интеллект тынымсыз билим алууну жана көндүмдөрдү жаңыртып турууну талап кылган шартта үч жумалык окуу жетиштүү болобу деген суроо жаралып жатканын белгилешет.