Британияда өлүм жазасына тартылган аялга 70 жылдан кийин мунапыс берилди

Дүйнө Загрузка... 09 Июль 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-07-09 at 05.59.52.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Улуу Британиянын падышасы Карл III мындан 70 жылдан ашык убакыт мурда өлүм жазасына тартылган Рут Эллиске шарттуу түрдө мунапыс берди. Бул тууралуу ТАСС маалымдады.

Ал 1955-жылы күйөөсү Дэвид Блейклини өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына тартуу өкүмү чыккан акыркы аял болгон.

Падышанын чечими менен анын өлүм жазасы расмий түрдө өмүр бою эркинен ажыратуу жазасына алмаштырылды. Өкмөт азыркы мыйзамдар боюнча бул иш башкача каралмак экенин белгиледи.

Буга чейин Рут Эллистин төрт небереси мунапыс берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Алардын айтымында, Рут көп жылдар бою үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, психологиялык жана физикалык жактан оор абалда болгон. Бирок ал кездеги сот бул жагдайларды эске алган эмес.

Британия бийлиги бул чечим өткөндү өзгөртө албасын, бирок ошол учурдагы сот ишинде өзгөчө жагдайлар болгонун моюнга алуу керек экенин билдирди.