Brent мунайынын баасы баррелине 108,4 долларга чейин көтөрүлдү

Дүйнө 16 сентябрь 2026 09:05
Brent мунайынын баасы баррелине 108,4 долларга чейин көтөрүлдү

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Мунайдын баасы дагы жогорулады.

Интерфакс маалымдагандай, Лондондун ICE Futures биржасында Brent 2,74 долларга (2,59%) жогорулап, бир баррелине 108,42 долларды түздү.

NYMEX биржасында WTI мунайы 3,35 долларга (3,3%) жогорулап, бир баррелине 104,74 долларга жетти.