Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва 2026-жылы кайрадан президенттикке талапкерлигин кое тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал 23-октябрда Индонезиянын президенти Прабово Субианто менен болгон жолугушууда айтканын, Известия жазды.
Маалыматка ылайык, анда президент “Мен төртүнчү мөөнөт үчүн да ат салышам. Биз дагы көп жолу жолугабыз”,-деген. 80 жашка жакындап калганы менен, Лула өзүн жаш кездегидей эле энергиялуу сезээрин айтып, Бразилия менен Индонезиянын кызматташтыгын күчөтүүгө даяр экенин белгилеген.
Буга чейин, 11-сентябрда мурдагы президент Жаир Болсонару 27 жыл 3 айга эркинен ажыратылганы кабарланган. Ал Лулага каршы мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган деп айыпталган.