Бишкек 05.07.25 /Кабар/. Бразилиянын Жогорку соту мурдагы президент Жаир Болсонаруну үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Известия агенттиги маалымдады.
Белгиленгендей, ага үй камагына чыгуу менен бирге эле телефон колдонууга тыюу салынды. Башка адамдар аркылуу да колдоно албайт. Ошондой эле аны менен көрүшүүгө да тыюу салынды. Адвокаттар жана атайын уруксат алган адамдар гана кире алышат.
Экс-президентке 2024-жылдын 22-ноябрында шайлоодон утулуп калгандан кийин мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды деген айыптоо менен кылмыш иши козголгон.
Болсонаруну Бразилия өлкөсүн 2019-2022-жылдар арасы башкарган.