Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. Бразилиянын Жогорку соту мурдагы президент Жаир Болсонаруну төңкөрүш уюштуруу иши боюнча 27 жылдан ашуун убакытка түрмөгө кесип, аны 2060-жылга чейин жогорку кызматтарга шайлануу укугунан ажыратты. Бул тууралуу Риа Новости билдирди.
Буга чейин Бразилиянын Жогорку шайлоо соту чыгарган чечимге ылайык, эгер мамлекеттик кызмат адамы мыйзамды бузса, ал сегиз жылга чейин шайлоого катыша албайт деп көрсөтүлгөн. Бирок бул чектөө ошол кездеги, эки жыл мурун кабыл алынган токтомдун негизинде гана коюлган болчу.
Ал эми Жогорку сот жаңы чечим менен Болсонарунун дисквалификация мөөнөтүн 2060-жылга чейин узартты.
Мындан сырткары, Жогорку сот аны мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу иши боюнча 27 жыл 3 айга эркинен ажыратты.