Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Бразилиянын Сан-Паулу штатында автобус жүк ташуучу унаа менен кагышып, кеминде 12 адам каза тапты, дагы 21 киши жаракат алды.
Синьхуа агенттиги маалымдагандай, автобуста 29 жүргүнчү болгон, алардын көпчүлүгү студенттер экени айтылууда.
Эки айдоочу тең кырсыктан кийин аман калган.
Штатта жол кырсыгына байланыштуу үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды.
Бразилиянын Транспорт министрлигининин маалыматы боюнча, 2024-жылы жол кырсыгынын айынан 10 миңден ашуун адам көз жумган.