Бишкек, 21.08.25 /Кабар/. Братиславанын борборундагы Яворинская көчөсүндө курулуш иштери жүрүп жаткан маалда Экинчи дүйнөлүк согуш доорундагы артиллериялык снаряддар табылды. Бул тууралуу Известия агенттиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, снаряддар табылган жерде дароо коопсуздук чаралары көрүлүп, пиротехник чакырылган. Ал аталган жерди кылдат текшерип чыгып, айланасындагы имараттарды эвакуациялоо чечимин кабыл алган.
Буга чейин, 5-августта Дрезденде Карола көпүрөсүнүн урандыларын тазалоо учурунда Экинчи дүйнөлүк согуш маалынан калган бомба табылганы маалым болгон.