Боз-Учук – Жыргалаң унаа жолунда курулуш иштери башталды

Коом 703 23 Апрель 2026 16:06
672347519_18049853141733957_5604706380803664945_n.jpg
659033694_18049853105733957_807650605512235622_n.jpg
671186757_18049853096733957_7589228769048812491_n.jpg
672476124_18049853114733957_8177406644685242506_n.jpg
Алдыга
Артка
672347519_18049853141733957_5604706380803664945_n.jpg
659033694_18049853105733957_807650605512235622_n.jpg
671186757_18049853096733957_7589228769048812491_n.jpg
672476124_18049853114733957_8177406644685242506_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук – Жыргалаң унаа жолунда реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Боз-Учук – Жыргалаң унаа жолунун 14,5 чакырымдык тилкесинде убактылуу айланып өтүүчү жол уюштурулуп, суу өткөрүүчү темир-бетон түтүктөр орнотулууда.

Ошондой эле жолду кеңейтүү, жер казуу жана кошумча түтүктөрдү орнотууга даярдыктар көрүлүүдө.

Ал эми Боз-Учук – Жыргалаң унаа жолунун 8,5 чакырымдык тилкесинде жасалма курулмалар боюнча иштер жүрүп жатат.

Долбоордо жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарларды салуу, жарык берүүчү чырактарды орнотуу жана мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу иштери камтылган.

Жол куруу иштери Капиталдык салымдар беренесинин эсебине киргизилип, №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.