Ботаникалык бакка 300дөн ашык көчөт отургузулду

Экология 18 Октябрь 2025 13:00
565897027_1255292739977801_2727783750746343743_n.jpg
565831094_1255292619977813_5941313559996258770_n.jpg
565861360_1255292666644475_1316710793681089976_n.jpg
566219717_1255294803310928_801314993017389470_n.jpg
Алдыга
Артка
565897027_1255292739977801_2727783750746343743_n.jpg
565831094_1255292619977813_5941313559996258770_n.jpg
565861360_1255292666644475_1316710793681089976_n.jpg
566219717_1255294803310928_801314993017389470_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 18.10.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта Агартуу министрлиги жана Республикалык экология, жер таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору тарабынан “Жашыл мурас” экологиялык акциясы өткөрүлдү.

Министрликтин маалыматы боюнча, экологиялык демилгеге ведомствонун өкүлдөрү, Республикалык борбордун жамааты, ийрим жетекчилери жана окуучулар катышты.

Бул экологиялык акциянын негизги максаты айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, экологиялык маданиятты жогорулатуу жана жаш муундардын жаратылышка болгон жоопкерчилигин арттыруу болуп саналат.

Иш-чарада министр Догдуркүл Кендирбаева жаратылышты сактоодо ар бир жарандын жоопкерчилиги маанилүү экенин белгиледи.

“Жашыл мурас” демилгесинин алкагында өлкөбүздүн мектептеринде күнөсканалар даярдалган. Биз тоолуу жерде жашагандыктан, ар бир бала өсүмдүктөрдүн пайдалуу жактарын гана окуп койбостон, аларды отургузууну жана кам көрүүнү үйрөнүшү зарыл. Биз кийинки муунга жашыл Кыргызстанды өткөрүп беришибиз керек”, — деди ал.