Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. 26-апрель, ишемби күнү жарыяланган көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында борбор калааны тазалоого 1233 чарба субъекти чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, ишембиликке жалпысынан 28 миң 793 адам катышты. Таштандыларды чыгарууга 90 даана атайын техника тартылып, 194,2 тонна таштанды чыгарылды.
Ошондой эле, ишембиликтин жүрүшүндө 19 786 линиялык метр сугат тармактары тазаланды.
Шаар мэриясы шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлык 2025-жылдын 17-майына чейин улана турганын эскертти.