Бишкек, 02.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы 7-Апрель менен Полевая көчөлөрүнүн кесилиши 2-августтан тартып убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, жол эстакадалык көпүрө куруу долбоорунун алкагында башталган курулуш иштерине байланыштуу жабылат.
“Чектөө биринчи этаптагы курулуш-монтаж иштерин коопсуз жана үзгүлтүксүз жүргүзүү максатын көздөйт. Ушуга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы толугу менен токтотулат. Жол жабылган мезгилде унаа каражаттары альтернативдүү каттамдар аркылуу багытталат”, - деп айтылат маалыматта.
Мэрия айдоочуларды жана коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырат.