Борбор Азиядагы эң ири лыжа кластери. “Ала-Тоо Резортто” эл аралык фрирайд турнири өтүүдө

Спорт Загрузка... 16 Январь 2026 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Мирбек Айдаралиев

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. 15–17-январь күндөрү “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте фрирайд боюнча эл аралык турнир өткөрүүдө.

Мелдешке катышкан спортчулар 15-январь күнү даярдык этабынын алкагында Каракол лыжа базасында машыгуулардан өтүп, коопсуздук боюнча атайын окууларга катышышты. Ал эми негизги мелдеш 16-январь күнү “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондуу курорту курулуп жаткан аймакта уюштурулду.

Турнирге Кыргызстандын өкүлдөрү менен катар эле 20га жакын өлкөдөн келген лыжа сүйүүчүлөр жана сноубордчулар катышты. Алар жаңы үйрөнчүктөр, кесипкөй спортчулар жана аялдар категориялары боюнча күч сынашты.

Фрирайдерлер калың карлуу жана тик тоо боорунда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Катышуучулар ылдамдыкты көзөмөлдөө, тең салмактуулукту сактоо жана лыжаны так башкаруу менен бирге айрым техникалык жана айланма элементтерди аткарышты. Калыстар спортчулардын тандаган багытынын татаалдыгына, логикасына, коопсуздугуна жана табигый рельефти пайдалануу чеберчилигине өзгөчө көңүл бурушту.

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр фрирайд боюнча эл аралык мелдештерге катышууга лицензия алышат.

Калыстар тобунун курамында эл аралык FWT (Freeride World Tour) системасы боюнча тажрыйбасы бар профессионал спортчулар — Гаель Риборди (Швейцария), Василий Немченко жана Тахир Даменбаев (Кыргызстан) иш алып барышты.

Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары таанытуу, экстремалдык спортту өнүктүрүү жана чет элдик жана жергиликтүү спортчулар үчүн тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү. Турнир Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” курортунун аймагында өттү.

Маалымат үчүн: “Ала-Тоо Резорт” Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа кластерин түзүүнү көздөгөн масштабдуу долбоор. Ал “Жыргалаң”, “Ак-Булак” жана “Боз-Учук” курортторун камтыйт. Долбоор алкагында жалпысынан 250 кмге жакын лыжа трассаларын куруу, 7 миңге жакын жумуш орундарын түзүү жана жылына 2 миллион турист кабыл алуу пландалууда.

Курулуш иштери эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, курорт төрт мезгил тең иштей турган заманбап эс алуу жайына айланат. Долбоордун биринчи этабын 2026-жылдын аягына чейин бүтүрүү мерчемделген.

Президент Садыр Жапаров “Ала-Тоо Резорт” долбоору өлкөнүн туризмин жана экономикасын өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп келет.