Борбор Азия туристтик тармагы тез өнүгүп жаткан аймак деп аталды

Туризм
Борбор Азия туристтик тармагы тез өнүгүп жаткан аймак деп аталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Борбор Азия туристтик тармагы тез өнүгүп жаткан аймак деп аталды. Мындай баалоо 2025-жылдын жыйынтыгына жараша чыгарылды. Отчет Дүйнөлүк туризм жана саякат боюнча кеңештин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Борбор Азиянын туристтик тармагы аймактын экономикасынын 17,7% өсүшүнө алып келип, 20,1 млрд долларды түздү.

Өсүштүн темпи Түндүк-Чыгыш жана Түштүк-Батыш Азияга салыштырмалуу кыйла жогору болду.

Мындай динамика туристтик инфраструктуранын өнүгүшү жана саякатчылардын санынын жогорулашы менен байланыштырылууда.