Боордоштук жана өнөктөштүк: Кыргыз-түрк алакалары бекемделүүдө

Министрлер кабинети 04 Март 2026 18:50
69a81b6087ade (1).jpg
69a81b613c874.jpg
69a81b60c3847.jpg
69a81b60e2d47.jpg
Алдыга
Артка
69a81b6087ade (1).jpg
69a81b613c874.jpg
69a81b60c3847.jpg
69a81b60e2d47.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолугушту. 

Жолугушууда минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан боордош Түркия менен кызматташтыкты ар тараптуу чыңдоого өзгөчө маани берээрин жана эки өлкөнү бекем тарыхый, маданий жана руханий байланыштар бириктирип турарын белгиледи. 

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык байланышты туруктуу жана сапаттуу өнүктүрүүгө кызыктар экенин белгилешти. Ошондой жле саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Өз ара пайдалуу кызматташтыкты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн негиз түзгөн эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасалды.

Тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана өз ара кызыкчылык жараткан эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.