Болот Ибрагимов ЖК төрагасынын орун басары болуп шайланды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Февраль 2026 16:56
5.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Депутаттар бүгүн, 19-февралдагы жыйында Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселесин карашты.

Буга чейин "Мекенчил-Ынтымак" депутаттык тобу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына депутат Болот Ибрагимовдун талапкерлигин көрсөткөн.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 53 депутат колдоду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.