Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. Болгариянын президенти Румен Радев премьер-министр Росен Желязков башында турган өкмөттү отставкага кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып, Известия жазды.
Анда белгиленгендей, президент 3-декабрда болгон массалык нааразылык акциялары өкмөт элдин ишенимин актабаганын айткан. Радев өлкөгө мыйзамдуулукту бекемдей турган жана мамлекеттүүлүктү калыбына келтире турган реалдуу өзгөрүүлөр керек, ал эми учурдагы өкмөт муну жасай албайт деп эсептейт.
Өкмөттү түзгөн коалиция болсо отставкага кетүү талабын четке какты. ГЕРБ партиясынын лидери Бойко Борисов өлкө евро валютасына өткөндө баалар кескин өспөй турганын айтып, жарандарды “хаос болбойт” деп ишендирүүгө аракет кылды.
Белгилүү болгондой, Болгария 2026-жылдын 1-январынан тарта еврону расмий валют катары киргизет жана еврозонанын 21-мүчөсү болот.
Май айында еврону киргизүүгө каршы чыккан адамдар баалар жогорулап кетет деп кооптонуп, референдум өткөрүүнү талап кылышкан. 13-сентябрда да бир нече шаарда массалык митингдер өтүп, нааразы болгондор өкмөттүн отставкасын талап кылышты жана улуттук валюта — болгар левасын сактап калууга кол топтошкон.