Бокс боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы 8 медаль жеңди

Спорт Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 17:20
747988387_1049227294117154_6463567709029034503_n.jpg
749010265_1049227350783815_2235090930516970484_n.jpg
749491475_1049227234117160_3101985524131218100_n.jpg
748845166_1049227304117153_7510841828993837425_n.jpg
Алдыга
Артка
747988387_1049227294117154_6463567709029034503_n.jpg
749010265_1049227350783815_2235090930516970484_n.jpg
749491475_1049227234117160_3101985524131218100_n.jpg
748845166_1049227304117153_7510841828993837425_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Индонезиянын Жакарта шаарында 2-июлдан 16-июлга чейин U-19 жана U-23 жаш курактык категориялары боюнча бокс боюнча Азия чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азиянын күчтүү мушкерлери катышкан мелдеште Кыргызстандын U-19 жана U-23 курама командалары жалпысынан сегиз медаль жеңип алышты. Анын ичинде эки күмүш жана алты коло медаль бар.

Кыргызстандын U-19 курама командасынын жыйынтыгы

Кыздар арасында:

  • Нурпери Макешова (57 кг) — коло медаль;
  • Мээрим Чыныбекова (80 кг) — коло медаль.

Уландар арасында:

  • Нурсултан Дүйшоналиев (50 кг) — коло медаль;
  • Арваз Ахмади (75 кг) — коло медаль;
  • Усман Капаров (80 кг) — коло медаль;
  • Айтбек Бердимуратов (90 кг) — коло медаль.

Кыргызстандын U-23 курама командасынын жыйынтыгы:

  • Алмаз Орозбеков (75 кг) — күмүш медаль;
  • Мырзакир Кошалиев (90 кгдан жогору) — күмүш медаль.