Blue Origin ракетасынын капсуласы менен учкан туристтер жерге ийгиликтүү конду

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2025 09:45
WhatsApp Image 2025-06-30 at 09.18.42.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 30.06.25 /Кабар/. Blue Origin ракетасынын капсуласы менен учкан 6 турист суборбиталык учуудан кийин жерге ийгиликтүү конду. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, көп жолку колдонулуучу New Shepard ракетасын АКШнын Blue Origin компаниясы иштеп чыккан. Ал күн мурун Техас штатынын батыш бөлүгүнө конду. Учуу жалпы он мүнөткө созулганы айтылат.

NS-33 экипажынын курамында- "Саясаттан тышкары табият" аттуу бейөкмөт уюмдун директорлор кеңешинин мүчөсү - Элли Коннер, Building and Land Technology компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы - Карл Кюнер, филантроп жана мурда транспорт компанияларын жетектеген - Леланд Ларсон, ишкер -,Фредди Рескиньо, юристтер - Оволаби Салис жана Джим Ситкин болгон.

Аталган ракета Техас штатынын батышындагы Ван-Хорн шаарынын жанындагы Corn Ranch старттык аянтчасынан учурулган.