Бөкөнбаев - Тосор - Жылуу-Суу унаа жолу калыбына келтирилүүдө

Аймак 1745 05 Март 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-03-05 at 14.42.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-05 at 14.42.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-05 at 14.42.30.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-05 at 14.42.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-05 at 14.42.29.jpeg
WhatsApp Image 2025-03-05 at 14.42.30.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Ысык-Кɵл облусунун Тоң районундагы Бɵкɵнбаев - Тосор - Жылуу-Суу унаа жолунун 5 чакырымы калыбына келтирилүүдө.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, күз-кыш мезгилинде жаан, кардан улам пайда болгон аң-чɵнɵктɵр тегизделип, кум-шагыл аралашмасын тɵшɵɵ иштери аткарылууда.

Ушул жылдын курулуш мезгилинде аталган жолдун 2 чакырымына асфальт тɵшɵɵ пландалууда.

Жолдун сапатын жакшыртуу аймактагы жашоочуларга гана эмес Жылуу-Суу булактарына барган туристтерге да ыңгайлуу шарт түзүп, жол коопсуздугун камсыз кылат.