Бизде жылына 48 бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясын жасаса болот - адис

Маек Загрузка... 13 Июнь 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Кыргызстанда ички органдары жабыркаган жарандарыбыз, айрыкча бөйрөктү алмаштырууда өтө чоң суммада чет өлкөдө операция жасатууга аргасыз болуп келишкен. Мындан эки жыл мурда бөйрөктү алмаштыруу операциясы башталып, бул кыргыз медицинасындагы жетишкендиктердин бири болуп калды.

Учурда бул багытта дарыгерлерибиздин кесипкөйлүгү, заманбап жабдуулар жана мамлекеттик колдоо менен бирге олуттуу жыйынтыктар жаралууда. Бөйрөк алмаштыруу операциялары азыр Кыргызстандын өзүндө ийгиликтүү жүргүзүлүп, бейтаптар чет өлкөгө чыгууга муктаж болбой калышты.

Буга чейин бейтаптар Индия, Түркия сыяктуу өлкөлөргө барып, кеминде 20–30 миң доллар чыгымдап келишсе, эми ошол эле деңгээлдеги операцияны мекенинде бир нече эсе арзан баада жасатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Дарыгерлер муну медицина тармагындагы чоң секирик катары баалап, мындан ары жүрөк, боор сыяктуу башка органдарды алмаштыруу боюнча да иштерди кеңейтүүнү пландап жатышат. Бул Кыргызстанда трансплантология багытынын өнүгүп жатканынын айкын көрсөткүчү. Бүгүн “Кабар” маалымат агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева менен бөйрөк алмаштыруу операциясындагы негизги көйгөйлөр жана шарттар тууралуу маек курду.

- Бүгүнкү күнгө чейин канча жаранга бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды?

- Бул саламаттык сактоо тармагындагы чоң жетишкендиктерибиздин бири. Былтыртан бери 30га жакын бейтапка операция жасалды. Алардын баарына мамлекет каражат бөлүп, операция акысыз болуп, ийгиликтүү өткөрүлдү. Азыр ал бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

- Ушул тапта бөйрөк оорусу менен жабыркаган канча жараныбыз бар?

- Негизи бөйрөк өзүнүн функциясын аткарбай, 5-тепкичтеги өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптар көп. Бул бейтаптардын баары бөйрөктөрү өзүнүн функциясын аткарбай калганда гемодиализ алышат. Бүгүнкү күндө өлкөдө гемодиализ кызматын алган жеке менчик жана мамлекеттик ооруканалардагы бейтаптардын саны 4 миңден ашуун. Булардын баары бөйрөк алмаштыруу операциясына муктаж.

Мурун мамлекеттин көмөгү менен гемодиализ алуу үчүн бейтаптар узак убакыт күтүшчү. Бүгүнкү күндө бул кезек жок. Ар бир жуманын үчүнчү күнү бизде комиссиялык отурум болот. Бир жуманын ичиндеги гемодиализ ала турган бейтаптардын арыздарын чогултуп алабыз. Отурумда биз комиссиянын чечими менен ал бейтапты гемодиализге өткөрөбүз. Бир жуманын ичинде 15ке жакын бейтап гемодиализге өтсө, жылына 350гө жакын бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтап гемодиализге өтөт. Гемодиализ дагы акысыз.

- Булардын баарына операция жасоого эмне тоскоолдук болууда? Алдыда дагы канчасына операция жасалат?

- Бөйрөк алмаштыруу операциясы абдан татаал жана оор. Булардын арасында операцияны көтөрө албагандар бар. Анткени, жашы туура келбегендерге, оор өнөкөт оорусу барларга операция кылууга болбойт. Мисалы, бейтап кант диабети менен улгайган жашында ооруп калган болсо, ага бөйрөк алмаштыруу операциясын жасоого болбойт. Экинчиден ал адамга сөзсүз түрдө донор болуш керек. Донорду дагы дыкат изилдеп, туура келеби карап чыгыш керек. Анткени, көп учурда бир тууганынын бөйрөгү, бир тууганына туура келбей калышы мүмкүн. Ата-эненики балага туура келбей калган учурлар да кездешет. Донор болуп жаткан адамдын ден-соолугу 100% чың болушу керек. Кыскасы, бул көп факторлордон көз каранды.

Негизинен операция өзү аз убакытта өткөн менен операцияга даярдануу көп убакытты талап кылат. Учурда изилдөөлөрдөн өтүп жаткан бейтаптар бар. Бирок, алардын санын так айта албайм.

- Бөйрөк алмаштырууда сиздердин күч жетпей калган учурлар же болбосо жабдыктар жетишпей калган көйгөйлөр барбы?

- Негизи эле органдарды алмаштыруу операциялары жогорку технологиялык жабдыктарды талап кылат. Албетте, заманбап, кымбат баадагы медициналык жабдуулар керек. Бүт керектүү жабдуулар, анын ичинде лабораториялык жабдыктар аябай кымбат турат. Чындыгында бул биз үчүн көйгөй жаратып келет. Операциялар акысыз жасалып жаткандыктан, бул мамлекеттик бюджеттин каражатын талап кылат. Ошентсе да биз эски жабдыктар менен жасап келе жатабыз.

Туура белгилеп өттүңүз. Чындыгында бүгүнкү күндө, тажрыйбасы мол, билимдүү хирургдарыбыз аз. Бирок, баса белгилеп кетүүчү нерсе бар, биздин адистер Түркия, Россия өлкөлөрүнө барып, билим алып келип жатышат.

- Башка өлкөлөрдө бөйрөктү трансплантациялоо бери дегенде эле 60-70 миң доллардын тегереги экен. Кыргызстанда 7 миң доллар деп айтылган болчу. Азыр деле ошол баабы же өзгөрдүбү?

- Албетте, суроо-талап өскөн сайын операциянын баасы дагы өсөт. Бара-бара бул баа көтөрүлөт болуш керек. Бирок, бүгүнкү күндө баа өзгөргөн жок. Биз алып келип жаткан жабдыктардын баары чет өлкөлөрдөн алып келинет. Азыр баары кымбаттап жатпайбы. Эгерде реагенттер, жабдыктар, дары-дармектердин баасы кескин көтөрүлсө, операциянын баасын дагы көтөргөнгө туура келет. -

- Бизде бөйрөктү алмаштыруу хирургиясы башталгандан кийин, бөйрөгүнөн жабыркаган жарандардын чет өлкөгө кетүүсү азайдыбы же дагы деле кеткендер барбы? Эгер андай болсо эмне себеп?

- Жогоруда белгилеп өткөндөй бизден дары-дармек алып, көзөмөлдө турган жарандарыбыз бар. Алардын басымдуу бөлүгү операцияны өлкөдө жасаткандар. Албетте, арасында чет өлкөдө жасатып келгендер да бар. Бирок акыркы эки жылда жарандарыбыз бөйрөктү алмаштыруу операциясын өлкөдө эле Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда жасатып жатышат. Себеби, бизде деле операциялар жогорку деңгээлде эле жасалып жатат. -

- Дары дармектерди кайсыл жактардан алып келесиздер? Жетиштүү элеби?

- Дары-дармектер жетиштүү өлчөмдө бар. Анын баары чет өлкөлөрдөн алып келинет. Кайсы өлкөнүн фарм компаниясы менен келишим түзүлгөн болсо, биздин талаптарыбызга жооп берсе “Кыргызфармация” ишканасы сатып алып, бизге беришет.

- Бөйрөгүнүнөн жабыркаган жарандар үчүн мамлекет жылына канча каражат бөлөт?

- Бизде каражат жүрөк, бөйрөк оорусу жана башка дарттар үчүн деп бөлүнбөйт. Каражат түздөн-түз гемодиализ менен камсыздоого бөлүнөт. Быйыл 2,5 жарым миллиард бөлүндү. Кийинки жылга 3 млрд бөлүнөт. Анткени, бейтаптардын саны жылдан-жылга өсүп жатат.

- Бөйрөк оорусунун биринчи белгилери кандай болот?

- Биринчи кезекте бейтаптын дене табы көтөрүлөт, бети шишийт, заарасынын өңү өзгөрөт же кан аралашып чыгат. Мындай учурда көбү заарам кызарып калыптыр деп көңүл бурбай жүрө беришет. Бөйрөк оорусуна чалдыккандардын 62%ы кант диабети менен жабыркагандар, ал 38%ы бөйрөгүнө суук тийип ооругандар. Мындан сырткары, гипертония оорусунда бөйрөккө кирген артерия кургап калып, бөйрөк иштебей калышы мүмкүн. Ошондой эле бөйрөктө таш да пайда болушу мүмкүн. -

- Бөйрөктү сакташ үчүн жарандарга кеңешиңиз?

- Биринчи кезекте ангина оорусун толук даарылаш керек. Себеби, анын кесепети бөйрөккө да терс таасирин тийгизет. Эгерде кант диабети менен ооруган болсо, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек. Мындан сырткары, газдалган таттуу суусундуктарды ичпөө керек.

- Кыргызстанда бир жылда канча адамдын бөйрөгүн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар?

- Эгерде даяр донору жана бейтап ошол операцияны көтөрө алат деген көрсөтмөсү болсо операция жасоо мүмкүнчүлүгү көп эле. Бирок, адистерибиздин жетишсиздиги дагы көп операцияны кармайт. Анткени, бөйрөк алмаштыруу операциясында эки бейтап операция болуп бир эле операцияга бир нече хирург керек болот. Буюрса, адистерибиздин саны көбөйсө, канча керектүү операция жасалышы керек болсо, ошончо операция жасала баштайт.

Бүгүнкү күндө бизге бөлүнгөн каражат бир жылда 48 бейтапка операция кылууга жетет. Ошондо бир айда эки бейтапка операция жасалат.

- Алдыда дагы кандай жакшы саамалыктарга күбө боло алабыз?

- Акырындык менен боор алмаштыруу операциясын киргизип жатабыз. Ушул тапта Улуттук хирургиялык борбордун бир бөлүмүн аталган операцияга даярдай баштадык. Бүгүнкү күндөгү стандарт эмнени талап кылган болсо, биз ошонун баарын даярдап жатабыз. Керектүү жабдуулардын баары алынды, лабораторияга керектүү реагенттер жана адистерди окутуу гана калды. Чет өлкөлөрдө окуп келип жатышат, бирок ошентсе дагы ага жакшылап даярдануу керек. Анткени, боор алмаштыруу операциясы бөйрөк алмаштыруу операциясына салыштырмалуу оор. Операциянын баасы дагы кымбатыраак. Буюрса, 2026-жылдан тарта боор алмаштыруу операциясы жасала баштайт.