Бишкектин жылуулук тармагы жаңыланат: Корея тарап менен кызматташуу талкууланды

1757327150.jpg
1757327200_large.jpeg
1757327145.jpg
Алдыга
Артка
1757327150.jpg
1757327200_large.jpeg
1757327145.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.09.25 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кореянын жылуулук берүү корпорациясынын (Korea District Heating Corporation) башкы директору Чон Ён Ки баштаган делегация менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде борборлоштурулган жылуулук системасын өнүктүрүү талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда отун-энергетика комплекси департаменти менен аталган корпорациянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Маалым болгондой, меморандум 6 багыт боюнча ишке ашырылат, анын ичинде жогорку технологияларды колдонуу менен жылытуу системасын модернизациялоонун стратегиялык планын иштеп чыгуу, көмүр кычкыл газын азайтуу, тарифтик план саясатын иштеп чыгуу бар.