Бишкек, 24.01.26. /Кабар/. Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом жумшалат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Свердлов районунун жаңы аймактарынын тургундары менен жолукканда билдирди.
Шаар жетекчиси белгилегендей, президенттин тапшырмасына ылайык, жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү максатында 2030-жылга чейинки атайын программа иштелип чыккан.
“Аталган программага ылайык жалпы каржылоо көлөмү болжол менен 9 млрд сомду түзөт. Быйыл бул программанын алкагында иштер башталып, 2,5–3 млрд сомго жакын каражат тартылган”, - деди ал.