Бишкектин Ленин районунда жазгы спартакиада өттү

Спорт 25 марта 2025 09:24
486351818_1087958386713348_9131483429843000034_n.jpg
486728923_1087958330046687_8296471820787126913_n.jpg
486856623_1087958316713355_6601006898191421365_n.jpg
486376169_1087958300046690_1527475033237909454_n.jpg
486389056_1087958643379989_6261164280682494521_n.jpg
486319363_1087958440046676_1838711806059616329_n.jpg
486288149_1087958530046667_61494972109413997_n.jpg
486303487_1087958390046681_3213110202236871966_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунда жазгы спартакиада өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-19-март аралыгында Бишкектин Ленин районунда 2013-2014-жылдарда төрөлгөн мектеп окуучуларынын арасында жыл сайын өткөрүлүп турган жазгы спартакиада өттү. Бул жолу мелдештер жети түрдүү спорттун түрүн камтыды: кичи-футбол, пионербол, балдардын жеңил атлетикасы, тег-регби, шахмат, ордо жана дартс.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.

Мелдештердин жыйынтыгында мыкты командаларга кубок, медаль жана дипломдор тапшырылды.

Жыйынтык:

Кичи-футбол:

1-орун – Новопавловка МАБ;
2-орун – №2 МАБ;
3-орун – №3 МАБ.

Пионербол:
1-орун – №2 МАБ;
2-орун – №4 МАБ;
3-орун – №5 МАБ.

Тег-регби:
1-орун – №3 МАБ
2-орун – №2 МАБ
3-орун – №5 МАБ

Дартс:
1-орун – №3 МАБ;
2-орун – №4 МАБ;
3-орун – №1 МАБ.

Ордо:
1-орун – №4 МАБ;
2-орун – №3 МАБ;
3-орун – №2 МАБ.

Балдардын жеңил атлетикасы:
1-орун – №2 МАБ;
2-орун – №3 МАБ;
3-орун – №4 МАБ;

Шахмат:
Уул балдар арасында:
1-орун – №3 МАБ;
2-орун – Орок МАБ;
3-орун – №4 МАБ.

Кыз балдар арасында:
1-орун – №3 МАБ;
2-орун – №4 МАБ;
3-орун – Орок МАБ.

Белгилей кетсек, спартакиадага 8 муниципалдык аймактык башкармалык катышты. Мыкты командалар шаардык этапка чыгып, күчтүү атаандаштар менен беттешишет.

"Спартакиада – жөнөкөй турнир эмес, ал жаш таланттар үчүн чыныгы аянтча. Бул жерде балдар күч-аракетин, ылдамдыгын гана көрсөтпөстөн, командалык иштөөгө, кыйынчылыктар алдында баш ийбөөгө жана жеңишке умтулууга үйрөндү",-деп айтылат маалыматта.