Бишкектин айрым көчөлөрүндө 10-апрелге чейин газ болбойт

Коом Загрузка... 06 Апрель 2026 15:10
1564559671_large.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 10-апрелге чейин жаратылыш газы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жантөшев, Байтик баатыр, Лев Толстой, Кара-Дарыя, Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндө, "Кыргызавтомаш" заводу, Макарон цехи, "Жыргал" мончосу жана "Байтур" мончосу тарапта газ өчөт.

Бул аймакта жер астындагы орточо басымдагы газ түтүгүн куруу иштери жүрүп жатат.

"Бишкекгаз" түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.