Бишкектин базарларындагы социалдык аянтчаларда уйдун эти 550 сомдон сатылууда

Коом Загрузка... 26 Март 2025 16:53
copyright icon www

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Бишкектеги ири базарлардагы социалдык аянтчаларда эттин баасы 550 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Аламүдүн, Орто-Сай, Ош базарында социалдык аянтчалар иштеп, анда эт азыктарынын баасы базар баасынан төмөнкү баада сатылууда.

Белгиленгендей, социалдык аянтчаларда бир килограмм эттин наркы 550 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, социалдык аянтчалар министрлик тарабынан калкты социалдык маанилүү азыктардын бири болгон эт азыктарына жеткиликтүү баа менен камсыз кылуу максатында уюштурулган.

"Мындан сырткары, калкты арзан баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында республика аймактарында дем алыш күндөрү жарманкелер уюштурулууда",-деп айтылат маалыматта.