Электр энергиясына тарифтердин өзгөрүшү учурдун талабы

Экономика Загрузка... 27 Март 2025 17:55
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тартып электр энергиясына болгон тарифтер өзгөрөт. Бааны көтөрүү зарылдыгы тууралуу министрлик маалымат берип, анда электр энергияны керектөө акыркы 10 жылда бир топ өскөндүгү айтылган.

Негизинен совет мезгилинен калган электр жабдууларын, станцияларды жаңылоого учурда көп каражат талап кылынууда. Министрлик маалымдагандай, тарифтер өзүн актабагандыктан электр энергиясын өндүрүүнүн өздүк наркы керектөөчүлөр төлөгөн баадан кымбат туруп, чыгымдар мамлекет тарабынан жабылууда. Бирок, бул узак мөөнөттүү чечим боло албастыгы баарыбызга маалым.

Май айында күчүнө кирүүчү калк үчүн жаңы тарифтерге 26, 21 тыйын кошулган. Ал эми чектөөсүз керектөөлөрдүн тарифи 79 тыйынга жогорулаган. Андан башка категорияларга да 5 тыйындан 48 тыйынга чейин тарифтер көтөрүлгөн.

Эми 700 кВт саатка чейин электр энергиясы колдонулса кВт саат үчүн 1,37 сомдон, андан жогору 2,60 сомдон төлөнөт. Чектөөсүз керектөөлөр үчүн тариф кВт саатына 4,42 сом деп белгиленген.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдө электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын 1-майда көтөрүлүп тураарын Бишкекте өткөн брифингде билдирген.

“Электр энергиясынын чыгымы азыркы баа менен өзүн актабайт. Электр жарыгынын тарифи болжол менен 15-20% кымбаттайт. Бул анча көп деле сумма эмес. Эгерде биз тарифти акырындык менен көтөрбөсөк, караңгыда калабыз”, - деген Ибраев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 39 тыйындан төлөйт. Бул тариф өткөн жылдын май айында киргизилген.

Жаңы тарифтик саясат электр менен туруктуу камсыз кылуу, тарифтерди ачык-айкын кылуу, модернизацияга инвестиция тартуу жана энергетикалык компаниялардын тартыштыгын азайтуу үчүн керек. Бардык тармактарда баалар өскөн сыяктуу эле электр энергиясына болгон баанын көтөрүшү нормалдуу көрүнүш. Өндүрүш ишканалар байма-бай ачылып, тынымсыз өнүгүп жаткан азыркы шартта электр энергиясына болгон муктаждык өсүүдө.

Кыргызстанда жылдан жылга курулуштун саны өсүп, аны менен бирге жыл сайын 1 млрд кВт саатка электр энергиясына дефицит өсүп жаткандыгын саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, азыртадан электр энергиясынын тарифин көтөрбөсөк, анда тармакта таңкыстык өсө берет.

“Кыргызстанда бардыгы 3 ГВт сааттын тегерегинде коюлган кубаттуулук бар, бирок бул 7 млн калкка өтө аз. Мисалы, Казакстанда 20 млн калкка 21 ГВт саат коюлган кубаттуулугу бар. Ошондуктан элге ачык айтып, электр энергиясына болгон баа саясий эмес, экономикалык баа болушу керек. Дагы жакшы 7 млн калкка коңшу өлкөлөрдөн жетишпегенин импорттоо менен электр энергиясын жеткирип жатабыз. Башка мамлекеттерге караганда бизде олуттуу өчүрүүлөр болгон жок”, - деди Бакетаев.

Таңкыстык демекчи, министрликтин маалыматы боюнча 2024-жылы энергетика тармагынын каржылык таңкыстык 8,1 млрд сомду түздү. Анткени, былтыр энергетикалык компаниялардын кирешеси 32,5 миллиард сом болсо, чыгашасы 40,6 миллиард сомду түзгөн. Мындан улам, 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат иштелип чыккан. Тарифтерди көтөрүүнү анын бир бөлүгү катары карасак болот. Максаты энергетикалык системанын туруктуулугун камсыздоо жана бюджеттик таңкыстыкты азайтуу.

Бирок, Кыргызстанда акыркы жылдардагы энергетикалык реформалардын алкагында бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашып, аймактагы энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө шарттар түзүлүүдө. Чакан ГЭСтердин курулушу, Токтогул ГЭСинин реконструкциясы жана эң ири долбоорлордун бири - “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы, күн, шамал электростанцияларынын курулушу келечекте мамлекеттин энергетикалык тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү болмокчу.