Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 06 Февраль 2025 11:55
WhatsApp Image 2025-02-06 at 11.47.07.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" кабарлайт.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от жер астындагы төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Ошентип, 6-7-февраль күндөрү Чыгыш-5 кичирайону – Мамбетов көчөсү, Кийизбаева көчөсү, ошондой эле Жал-29 кичирайону – Курчатов көчөсү, Тыналиев көчөсү, Минжилкиев көчөсү менен чектелген аймактарда газ болбойт.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.