Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Бишкектин айрым көчөлөрүндө 3 күн газ болбойт.
"Бишкекгаз" кызматы билдиргендей, төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 24-26-август күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
Даректер:
- Ростовский көчөсү;
- Краснодонцев көчөсү;
- Жибек жолу көчөсү;
- Черепки көчөсү;
- Баялинов көчөсү.
"Бишкекгаз" кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт",-деп айтылат маалыматта.