Бишкектин айрым көчөлөрүндө 2 күн газ болбойт

Коом 26 августа 2026 11:30
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Бишкектин айрым көчөлөрүндө 2 күн газ болбойт.

"Бишкекгаз" кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 26-27-август күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Ильменск көчөсү, Дэн Сяопин проспектиси, Карульск тар көчөсү, Якутск көчөсү, Каракум көчөсү.

"Бишкекгаз" кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.