Бишкектин айрым аймактарында 3 күн газ болбойт

Коом 21 сентябрь 2026 09:40
Бишкектин айрым аймактарында 3 күн газ болбойт
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. 21-22-23-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" ишканасынан билдиришти.

Газ берүү Токомбаев, Малдыбаев, Ахунбаев, Ажыбек баатыр, Тыналиев, Масалиев, Садырбаев, Манас айылы көчөлөрү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, ошондой эле Арча-Бешик, Кыргызстан-1 жана Ынтымак конуштарын камтыган аймакта токтотулат.

Шаардыктарга газ өчүрүлгөн учурда энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу сунушталды.