Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Жакынкы күндөрү Бишкекте аба ырайы өзгөрүшү күтүлөт, — деп билдиришет синоптиктер.
31 -декабрда
Түндө — +3…+5°, күндүз жамгыр жаашы мүмкүн, температура +12…+14°.
1-январда
Жаңырган жылдын алгачкы түнүндө — +2…+4° градус жылуу болуп, кар аралаш жаан жаашы мүмкүн. Күндүз абанын табы +4…+6° градуска чейин төмөндөп, кар жаашы мүмкүн.
2 -январяда
Түндө — 0…+2°, күндүз — +6…+8° градус жылуу болуп, ала булут каптайт, жаан-чачын күтүлбөйт.
3-январда
Аба ырайы жакшырат: түндө — 0…+2°, күндүз — +12…+14° градус жылуу, күн ачык болот.
4-январда
Түндө — +2…+4°, күндүз — +8…+10° жылуу болуп, ала булут каптап турат.
5-январда
Түндө — +1…+3°, күндүз — +5…+7° градус жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.
6-январда
Түндө — 0…+2°, күндүз — +5…+7° жылуу болот.