Бишкектеги ЖОЖдордун биринде коррупциялык схема аныкталып, мугалим кармалды

Укук тартиби Загрузка... 20 Ноябрь 2025 17:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучуларынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында КМТУнун айрым окутуучулары студенттерге чет өлкөлүк университеттерден жасалма академиялык аныктамаларды жана транскрипттерди бергени, анын негизинде 200гө жакын студент КМТУга мыйзамсыз которулганы такталган.

Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында КМТУнун кафедра доценти Ш.А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул мыйзамсыз ишке катышкан башка окутуучулар жана администрация кызматкерлери аныкталууда.

УКМК коррупциялык иштерге катышкан жарандар статусуна же социалдык абалына карабастан сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартыларын эскертет.