Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Бишкектеги турак жайдын баасы Алматы же Ташкентке караганда кымбат. Бул тууралуу депутат Элдар Абакиров бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте батирдин чарчы метри 1500 доллар болсо, Алматыда 1100 доллар турат.
"Эмне үчүн турак жайдын баасында мындай айырмачылык? Биз шаарды кеңейттик. Бишкек үч эсе кеңейди бирок, турак жайдын баасы өсүп жатат. Себеби эмнеде?",- деп сурады депутат.
Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугуловдун айтымында, бүгүнкү күндө курулуш материалдары абдан кымбаттады.
"Курулуш материалдарынын бардык түрүнө баа көтөрүлдү. Ошондой эле Бишкекте жердин баасы да кымбат. Мындан 3-4 жыл мурун Бишкектин түштүк тарабындагы сотых жердин баасы 10 миң доллар болсо, бүгүнкү күндө 35-40 миң доллардан сатылып жатат", - деди ал.
Депутат Абакиров Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиевге кайрылып, Бишкекте эмне үчүн жер кымбат экенине кызыкты.
"Биз административдик аймактык реформа өткөрдүк, шаар үч эсе өстү. Эл бир жерге топтолбой бир нече борборлордун болушу, калааны кеңейтүү үчүн мэрия тарабынан дагы кандай аракеттер көрүлүп жатат? Парктарды түзүү, коммуникацияларды жакшыртуу, жол тыгын маселесин чечүү. Жыйынтыгында мунун бардыгы Бишкектеги баага таасирин тийгизүүдө", - деди эл өкүлү.
Рамиз Алиев мындай пландар бар экенин айтты. Бирок, ишкерлер бул райондордо курулуш иштерин жүргүзүүнү каалашпай турганын кошумчалады.